Көрүлдү: 0
2026-жылдын 31-мартында Кочкор районундагы Т.Темирова атындагы мектепте STEM предметтери (физика, химия, биология, география) боюнча мугалимдер үчүн тажрыйба алмашуу семинары өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылып, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Семинарга С.Исмаилов, Т.Темирова, Калыгул Бай уулу, Т.Усубалиев жана К.Кыдыралиев атындагы мектептердин мугалимдери катышты.
Иш-чаранын негизги максаты — заманбап окуу-лабораториялык жабдууларды жана санариптик технологияларды сабак учурунда натыйжалуу колдонуу боюнча тажрыйба бөлүшүү болду.
Катышуучулар мастер-класстар аркылуу жаңы жабдуулар менен таанышып, аларды практикалык сабактарда колдонуу ыкмаларын өздөштүрүштү. Семинардын жүрүшүндө айрыкча физика, химия жана география сабактарында колдонулуучу лабораториялык приборлорду пайдалануу кеңири көрсөтүлдү. Мугалимдер өз алдынча тажрыйбаларды жасап көрүп, практикалык көндүмдөрүн бекемдешти.
Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Азатбек Эмилбек уулу семинардын маанисине токтолуп, мындай иш-чаралар 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, мугалимдер жаңы билимдерди өздөштүрүп, «тоскоолдуктарды» жеңүү аркылуу өнүгүүгө жол ачышат.
Ал эми, С.Исмаилов атындагы мектептин химия мугалими Венера Кытайбаева семинар пайдалуу болгонун белгилеп, айрым лабораториялык жабдууларды, анын ичинде колориметрди колдонууда кошумча түшүндүрмөлөр керек экенин айтты.
Семинар практикалык форматта өтүп, мугалимдер өз алдынча тажрыйбаларды жасап көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Иш-чаранын жыйынтыгында мектеп директору Асыл Буржуева мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүндө мындай семинарлардын ролу чоң экенин белгилеп, заманбап жабдуулар билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, аталган мектеп долбоорго кирген 53 мектептердин бири болуп саналат.