"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Мугалимдердин үзгүлтүксүз өнүгүүсүнө багытталган усулдук окуу өттү

Көрүлдү: 0

Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылындагы Турабы Шамшиев атындагы Көк-Жар инновациялык жалпы орто билим берүү мектебинде мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү (YKӨ) планын ишке ашырууга багытталган усулдук окуу өткөрүлдү.

post.title

Иш-чараны география мугалими Алимова Шайирбү жана окуу бөлүм башчы Маматова Кумушай уюштурушту.

Оккутуу Агартуу министрлигинин “Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Иш-чарага мектептеги STEM предметтери боюнча мугалимдер, ошондой эле кластердик мектептер – К. Акматов, М. Мамытов жана Маданият мектептеринин мугалимдери катышты.

Катышуучулар YKO процесси тууралуу кеңири маалымат алып, анын мазмуну, максаты жана ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты. Ошондой эле заманбап окутуу ыкмаларына жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чара мугалимдер үчүн тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп, жаңы методдорду үйрөнүүгө өбөлгө болду.

Аталган мектеп биздин долбоорго кирген 53 инновациялык мектептин бири. Белгилей кетсек, ар бир инновациялык мектептин бир нече кластердик мектептери бар (бардыгы 220 мектеп). Инновациялык мектеп кластердик мектептерге башкаруучулук жана методикалык колдоо көрсөтүп, биргеликте ар кандай иш-чараларды ишке ашырат. Бул - мыкты практикаларды бүткүл өлкө боюнча жайылтууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар