"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө колдоо

Көрүлдү: 0

31-мартта Аксы районундагы Мукур айылындагы К.Алымкулов атындагы инновациялык мектебинде “Билим берүүнүн сапатын башкаруу жана педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө колдоо” темасында семинар өттү.

post.title

Семинардын жүрүшүндө тарых сабагынын мугалимдери Кыдырова Гулбарчын жана Чынара Керимкулова, математика мугалими Буалима Макамбаева педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн колдоо боюнча жети багыттан турган инструменттер тууралуу түшүндүрмө беришти.

Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, А.Кабаев, А.Батыркулов, Ы.Акылбеков жана Молдо Багыш атындагы кластердик мектептердин администрация өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада педагогдор арасында активдүү талкуулар болуп, мугалимдер өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү, көйгөйлүү маселелерди жана инновациялык ыкмаларды колдонуу жолдорун талкуулашты.

Ошондой эле кесиптик өнүгүүнү колдоо системасын мектептеги практикада кантип эффективдүү колдонсо болоору тууралуу сунуштар берилди.

Белгилей кетсек, К.Алымкулов атындагы окуу жайы долбоорго кирген 53 инновациялык мектептердин бири.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар