Көрүлдү: 0
2026-жылдын 25-март күнү Раззаков шаарындагы №1 жалпы билим берүү жатак-мектебинде «Окуучулардын изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн калыптандырууда химиялык тажрыйбаларды колдонуу» темасында райондук семинар ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чара Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси жана иш планына ылайык уюштурулду.
Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук борборунун усулчусу Мурзабаев Алдаяр Кадыркулович жана 49 химия мугалими катышты. Программага ылайык, химия сабагында изилдөөчүлүк окутуу ыкмаларын жана STEM технологияларын колдонуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан "Секторду өнүктүрүү долбоору:мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоорунун алкагында берилген санарип лабораториялык жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентациялар жана практикалык көрсөтмөлөр сунушталды.
Ачык сабактарды мектептин химия жана биология мугалимдери Гүлмира Ажибаева, Райхан Псурманкулова жана физика мугалими Үмүтай Эрназарова даярдап, жогорку деңгээлде өткөрүштү.
Семинарда окуучулар өздөрү лабораториялык тажрыйбаларды көрсөтүп, эксперимент жүргүзүү, байкоо жасоо жана натыйжаларды талдоо аркылуу изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Мугалимдер үчүн мастер-класстар уюштурулуп, лабораториялык иштерди натыйжалуу өткөрүү жана окуучулардын кызыгуусун арттыруу боюнча практикалык сунуштар берилди.
Семинар соңунда суроо-жооп жүргүзүлүп, мугалимдер тажрыйба бөлүшүп, жаңы методикалык ыкмалар менен таанышышты. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, методикалык аянтча катары пайдалуу болду.