"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Кластердик мектептер STEM жабдуулар жана МКТ менен камсыздалып, окутуу материалдары онлайн жеткиликтүү

Көрүлдү: 0

2026-жылы Агартуу министрлигинин "Секторду өнүктүрүү долбоору:мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймактарындагы 220 кластердик мектеп STEM предметтерин окутуу үчүн заманбап лабораториялык жабдуулар, ошондой эле аларды натыйжалуу колдонуу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) менен камсыздалды.

post.title

Ал эми мугалимдер үчүн МКТ жабдууларын колдонуу боюнча окутуулар уюштурулган. Окутуунун жүрүшүндө педагогдор жаңы жабдуулар менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуп, окуу процессин уюштуруунун заманбап ыкмалары менен таанышты.

Ошол эле учурда, окутууларга катыша албаган мугалимдер жана жаңы келген кызматкерлер үчүн кошумча окуу материалдары даярдалды.

Бул материалдар менен төмөндөгү постто жайгаштырылган QR-код аркылуу каалаган убакта таанышып, өз алдынча өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк бар:

https://www.facebook.com/share/p/1FPyTBBZV1/ 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар