Көрүлдү: 0
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоорунун алкагында Баткен облусттук жалпы билим берүү инновациялык жатак-мектебинин администрациясы тарабынан мугалимдер үчүн «Жаңыланган мектеп мазмунун ишке ашыруунун маселелери» жана «Маалыматтык коомдогу окуу процесси» темаларында семинар өткөрүлдү.
Семинардын негизги максаты — билим берүү мазмунун жаңылоонун алкагында мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, заманбап окутуу ыкмаларын жайылтуу жана окуу процессине инновациялык технологияларды натыйжалуу киргизүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга предметтик стандарттар боюнча кеңири маалымат берилип, алардын түзүмү, негизги талаптары, компетенциялар, мазмундук тилкелер жана баалоо критерийлери тууралуу практикалык мисалдардын негизинде түшүндүрүлдү. Ошондой эле топтук иштер уюштурулуп, мугалимдер өз ара тажрыйба алмашып, сабак өтүүнүн жаңы ыкмаларын талкуулашты.
Талкуу учурунда жаңыланган окуу китептеринин мазмуну, алардын практикалык багыты жана окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдөгү ролу өзгөчө белгиленди. Мындан тышкары, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу, санариптик ресурстар менен иштөө жана сабактарды интерактивдүү форматта өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Семинар мугалимдер үчүн пайдалуу аянтча болуп, алар окуу процессин уюштурууда эффективдүү ыкмаларды колдонуу, окуучулардын кызыгуусун арттыруу жана билим сапатын жакшыртуу боюнча жаңы билимдерге ээ болушту. Катышуучулар мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турушу зарыл экенин белгилешти.