"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Заманбап мугалимдин компетенттүүлүк модели талкууланды

Көрүлдү: 0

Агартуу министрлигинин «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында «Кесиптик стандарттын талаптарынын контекстинде заманбап мугалимдин компетенттүүлүк модели» темасында Гүлчө шаарындагы №1 Муса Адышев атындагы инновациялык мектептин жетекчилиги тарабынан Алай районундагы Кыркоол айылында жайгашкан №7 Сары Молдокулов атындагы кластердик орто мектебинин мугалимдери жана администрациясы үчүн семинар өткөрүлдү.

post.title

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга заманбап мугалимдин компетенттүүлүк моделинин негизги багыттары, окутуунун жаңы ыкмалары, окуучулардын критикалык ой жүгүртүүсүн жана изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган ыкмалар тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле сабактарды эффективдүү уюштуруу, баалоонун заманбап формалары жана билим берүү процессине инновациялык ыкмаларды киргизүү маселелери талкууланды.

Семинар тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп, мугалимдер өз ара пикир алышып, практикалык сунуштар менен бөлүшүштү. Катышуучулар мындай иш-чаралар педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын белгилешти.

Жыйынтыгында, №7 Сары Молдокулов атындагы кластердик орто мектебинин педагогикалык жамааты алынган билимдерди окуу-тарбия процессинде активдүү колдонууга даяр экендигин билдиришти.


 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар