Көрүлдү: 0
Өзгөн райондук шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана билим берүү системасын реформалоо максатында бир катар иш-чаралар ырааттуу жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чаралардын алкагында Тагай Асранов атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде мугалимдердин Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү (ҮКӨ) планын ишке ашырууга багытталган усулдук окуу уюштурулду.
Усулдук окууга Өзгөн райондук шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Н. Жусупбекова, ошондой эле кластердик мектептер — Жылалды, А.Өмүрзаков жана Ж.Маматжанов атындагы жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ҮКӨ процесси боюнча кеңири маалымат алышып, анын мазмуну, максаты жана натыйжалуу ишке ашыруу жолдорун талкуулашты. Өзгөчө мугалимдердин кесиптик өсүүсүн колдоо, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерине басым жасалды.
Мындан тышкары, иш-чара тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп, катышуучулар практикалык мисалдар менен бөлүшүп, өз ишинде колдонууга ылайыктуу жаңы ыкмаларды өздөштүрүштү.
Жыйынтыгында мугалимдер алынган билимдерди окуу-тарбия процессинде активдүү колдонууга жана ҮКӨ планынын алкагында өз кесиптик өнүгүүсүн үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Белгилей кетсек, Т.Асранов атындагы мектеп долбоордун 53 инновациялык мектебинин бири. Ар бир инновациялык мектептин кластердик мектептери бар жана инновациялык мектептер аларга методикалык жана башкаруучулук колдоо көрсөтөт. Бул - мыкты практикаларды бүткүл өлкө боюнча жайылтууга өбөлгө түзөт.