Көрүлдү: 0
Өткөн жылдын соңунда 7-класс үчүн «Математика» жана «Табигый илимдер» предметтери боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер толугу менен адаптацияланып бүткөн. «Математика» предмети боюнча 144 965 нуска окуу китеби басылып чыгып, мектептерге таратылган.
Ал эми февраль айынын соңунда «Табигый илимдер» предмети боюнча окуу китептери да 144 965 нускада басылып чыгып, өлкө аймагындагы мектептерге жеткирилди.
Окуу китептерин адаптациялоо жана басып чыгаруу иштерин Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү жүргүзгөн. Адаптациялоо иштерине катышкан эксперттердин ишин «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоору координациялаган.
Долбоорго кирген инновациялык мектептердин бири — Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы И. Раззаков атындагы №7 инновациялык мектеби. Бул мектептин 7-классынын окуучулары да жаңы окуу китептери менен билим алып жатышат.
Мектептин директору Гүлсүнай Мадмусаеванын айтымында, билим берүү мекемеси жаңы мазмундагы окуу китептери менен толугу менен камсыз болгон:
«2025–2026-окуу жылында 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу 1(12)-, 2(12)-, 5(12)- жана 7(12)-класстар үчүн жаңы окуу китептери жана жумушчу дептерлер мектепке келип, окуучуларга таратылып берилди. Жаңы мазмундагы окуу китептери мугалимдерге сабак өтүүдө чоң жардам берип, окуучулардын билим сапатын жогорулатууга, алардын ой жүгүртүүсүн, изденүүсүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз», — дейт мектеп директору.

Жетинчи класстын окуучусу Расул Хаджамуратов да жаңы китептер окуучулар үчүн пайдалуу экенин белгиледи:
«Быйылкы окуу жылында мектебибизге жаңы окуу китептери келгенине абдан кубандык. Китеп — билимдин булагы. Жаңы жана сапаттуу китептер окууга болгон кызыгуубузду арттырып, билим алууга чоң жардам берет. Жаңы китептер менен сабактарыбыз мурдагыдан да кызыктуу болуп калды. Мисалы, математика сабагында ар кандай мисалдарды чыгарып, ой жүгүртүүбүздү өнүктүрүп жатабыз. “Мен жана дүйнө”, табигый илимдер сабактарында жаратылыш, айлана-чөйрө жана илим тууралуу көп жаңы нерселерди үйрөнүп жатабыз. Ал эми жумушчу дептерлердеги тапшырмалар сабакта алган билимибизди бекемдөөгө жардам берет. Биз окуучулар бул китептерди сабакта активдүү колдонуп, аларды таза сактоого жана баркын билүүгө аракет кылабыз. Анткени китеп — биздин билимге жана келечекке жол ачкан баалуу байлыгыбыз».
Жаңы окуу китептеринде STEM-мамиле, компетенттүүлүккө багытталган окутуу, изилдөө жүргүзүү ыкмалары жана окуучулардын кызыгуусун арттырган заманбап усулдар кеңири колдонулган.
Математика мугалими Бактыгүл Сабурованын айтымында, жаңы окуу китептеринин негизги өзгөчөлүгү материалды «эмне үчүн?» деген суроо аркылуу түшүндүрүүгө багытталгандыгында:
«Мурдагы китептерде формулаларды жаттоого жана типтүү мисалдарды чыгарууга көбүрөөк басым жасалса, жаңы китептерде турмуштук кырдаалдар аркылуу окутуу ыкмасы колдонулат. Темалар күнүмдүк жашоодогу мисалдар менен башталып, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырат.
Мындан тышкары, программа “спираль” принциби менен түзүлгөн. Окуучулар бир эле теманы ар бир класста кайрадан карап чыгып, аны улам татаалдаштырып өздөштүрүшөт. Бул ыкма билимди бекемдөөгө жардам берет.
Китептердин заманбап дизайны, түстүү схемалар, инфографикалар жана QR-коддор окуучулар үчүн маалыматты түшүнүүнү жеңилдетип, санарип материалдар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөт».
Жыйынтыгында, жаңы окуу китептери окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган заманбап окуу куралы болуп саналат жана мугалимдерден сабакты жаңы ыкмалар менен уюштурууну талап кылат.
Белгилей кетсек, окуу китептерин адаптациялоо жана басып чыгаруу иштери өлкөдө билим берүү системасын масштабдуу трансформациялоого багытталган жана Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Алтын казык» мамлекеттик программасын алкагында жүргүзүлдү.