Көрүлдү: 0
Жакында Сокулук районундагы К.Шопоков атындагы №3 инновациялык мектепте «Заманбап мугалимдин кесиптик стандарты — сапаттуу билим берүүнүн ачкычы» деген темада педагогикалык кеңешме өттү.
Кеңешменин жүрүшүндө мугалимдин бүгүнкү күнгө ылайык жаңы модели, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жолдору талкууланды. Мугалимдер үчүн тренинг уюштурулуп, заманбап окутуу ыкмалары, маалыматтык технологияларды колдонуу жана окуучуга багытталган окутуунун мааниси тууралуу сөз болду. Жыйынтыгында мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн колдоо, жаңы окутуу форматтарын колдонуу жана өз ара тажрыйба алмашууну улантуу боюнча сунуштар айтылды.
Сапаттуу билим берүү — мугалимдин тынымсыз изденүүсү жана жоопкерчилиги менен тыгыз байланыштуу экени баса белгиленди. 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында мугалимдер да жаңы талаптарга ылайык өзгөрүп, дайыма окуп-изденип, кесиптик деңгээлин жогорулатып туруусу шарт.
Белгилей кетсек, долбоорго кирген бардык 53 мектептин мугалимдери үзгүлтүксүз өзүн-өзү өнүктүрүүгө аракет кылып келишет. Долбоордун алкагында алар үчүн ар кандай окутуулар, тренингдер жана тажрыйба алмашуу иш-чаралары дайыма уюштурулуп турат.
Өлкөдө жаңы окуу жылында математика, физика, химия, биология, информатика жана география предметтери боюнча жаңыланган предметтик стандарттар киргизилген. Бул – өлкөнүн он эки жылдык билим берүү системасына өтүү жолундагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Бул иштер Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун колдоосунда жүргөн. Ал эми Кыргыз билим берүү академиясы жараянды толугу менен координациялаган.