"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Теориядан практикага: жаңы окуу стандарттарын кантип ишке ашыруу керек?

Көрүлдү: 0

2026-жылдын 3-мартында инновациялык мектептердин жетекчилери, окуу иштери боюнча директордун орун басарлары, ошондой эле шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери үчүн онлайн форматта тренинг өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 160ка жакын катышуучу катышты.

post.title

 

Тренинг мектептик билим берүүнүн жаңыланган мазмунун ишке ашыруу, STEM предметтик стандарттарын киргизүү, ошондой эле окуу процессин пландаштырууда жаңы муундагы окуу китептерин колдонуу өзгөчөлүктөрү маселелерине арналды.

Тренингди Артыкова Жылдыз Абдисаламовна — физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Секторду өнүктүрүү долбоору:мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун предметтик стандарттарды жана окуу китептерин кайра кароо боюнча улуттук эксперти өткөрдү.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү маселелер менен таанышышты:

  • STEM предметтик стандарттарынын талаптары;
  • күтүлүүчү окуу натыйжаларынын негизинде сабакты пландаштыруунун өзгөчөлүктөрү;
  • жаңы муундагы окуу китептеринин концепциясы жана алардын салттуу окуу китептеринен айырмасы;
  • компетенттүүлүккө багытталган жана изилдөөчүлүк окутууну уюштуруунун ыкмалары;
  • мугалимдин окуу процессин уюштуруучу фасилитатор катары ролу.

Ошондой эле окуучуларда илимий ой жүгүртүүнү, изилдөө жүргүзүү көндүмдөрүн жана алынган жыйынтыктарды түшүндүрүп, негиздеп бере билүү жөндөмдөрүн калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тренингдин практикалык бөлүгүндө катышуучулар жаңы муундагы окуу китептеринин түзүлүшүн талдап, аларды мектептик практикада колдонууда пайда болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктарды талкуулашты. Ошондой эле мугалимдердин сабактарына өз ара катышуу жана аларга методикалык колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.

Өткөрүлгөн тренинг жаңыланган билим берүү мазмунун ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин талкуулоого жана мектеп жетекчилери менен методисттердин ортосунда кесиптик тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар