Көрүлдү: 0
Учурда «Трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу» аттуу 72 сааттык кесиптик өнүгүү окутууларынын кезектеги курсу башталды. Окутуу инновациялык мектептердин жетекчилери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери, облустук усулдук борборлордун адистери, ошондой эле педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институттарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган.
Бул жолку курс «Инклюзивдүү жана гендерге сезимтал билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу» темасына арналган.
Тренер — гендер маселелери боюнча адис Гүлбарчын Жумаева.
Тренингдин негизги максаты — окуу-усулдук комплекстердин мазмунунда, тилинде жана визуалдык материалдарында гендердик негиздеги жаңылыш көз караштарды жана стереотиптерди таануу жана четтетүү, ошондой эле социалдык инклюзияны илгерилетүү боюнча мугалимдерге колдоо көрсөтүү.
Тренер белгилегендей, бул багыт өзгөчө маанилүү. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында мугалимдер үчүн «Гендердик жактан сезимтал жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү» аттуу окуу куралы иштелип чыккан. Анын негизги максаты — басмырлоодон жана стереотиптерден эркин, коопсуз жана колдоочу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө көмөк көрсөтүү.
Заманбап билим берүү системасы ар бир окуучуга — жынысына, социалдык абалына, этникалык таандыктыгына же дене өзгөчөлүктөрүнө карабастан — бирдей мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш. Бул багытта мугалимдердин ролу өзгөчө мааниге ээ.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар гендердик түшүнүктөр, гендердик сезимталдуулук жана социалдык инклюзия принциптери боюнча теориялык жана практикалык билим алышат. Ошондой эле ар түрдүү билим берүү муктаждыктары бар окуучулар менен иштөөдө колдонулуучу адаптацияланган ыкмалар менен таанышат.
Окутуу программасы төмөнкү негизги темаларды камтыйт:
Бул модуль мугалимдердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, ошондой эле мектептерде коопсуз, тең укуктуу жана колдоочу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.
Катышуучулар курстун алкагында алган билим жана көндүмдөр билим берүүнүн сапатын натыйжалуу башкарууга, ошондой эле инновациялык мектептерде мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн системалуу түрдө колдоого өбөлгө түзөт.
Аймакчы, «Гендердик жактан сезимтал жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү» аттуу окуу куралы шилтеме аркылуу өтүп, таанышууга болот: Консультанттардын изилдөөлөрү