Көрүлдү: 0
Долбоордук иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн (ДИАБ) адистери консультанттар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине билим берүүнүн мазмунун жаңылоого колдоо көрсөтүү боюнча системалуу иш жүргүзүшүүдө.
Учурда негизги көңүл профилдик билим берүү концепциясын иштеп чыгууга бурулууда. Мында иш-чаралардын жүзөгө ашырылышы анализделип, негизги кыйынчылыктар, критикалык учурлар жана көйгөйлүү маселелер аныкталды.
Жүргүзүлгөн анализдин натыйжасында ДИАБдын адистери билим берүү процесстерин андан ары өркүндөтүүгө багытталган практикалык сунуштар менен аналитикалык отчетторду даярдашты:
Математика жана табият таануу сабактары боюнча жаңы муундагы ОМКны колдонуу боюнча жаңы шарттар жана сунуштар (Ж.Артыкова): Математика жана табият таануу сабактары боюнча жаңы муундагы ОМКны колдонуу боюнча жаңы шарттар жана сунуштар (Ж.Артыкова)
Профилдик билим берүүнү киргизүүнүн алкагында 10–12-класстардын окуу планын түзүү үчүн сунуштар (Ж.Артыкова): Профилдик билим берүүнү киргизүүнүн алкагында 10–12-класстардын окуу планын түзүү үчүн сунуштар (Ж.Артыкова)