Көрүлдү: 0
Нарын облусунун Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы кластердик мектеп жаңы жабдууларды колдонуп баштады. «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында мектепке жакында STEM предметтери үчүн 25 комплект окуу-лабораториялык жабдуулар жана маалыматтык-коммуникациялык каражаттар жеткирилген.
Химия жана биология сабактарында окуучулар санарип микроскоп жана ар кандай препараттар менен практикалык иштерди аткарып, темаларды интерактивдүү өздөштүрүшүүдө. Ошондой эле физика жана география сабактарында жаңы приборлор жана моделдер кеңири колдонулууда.
Заманбап жабдуулар окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, алардын технологиялык сабаттуулугун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Химия жана биология мугалими Рида Кайдылдаева буларды айтат:
«Биз жаңы келген лабораториялык жабдуулар менен иштей баштадык. Айрыкча биология сабагында санарип микроскопту интерактивдүү панелге туташтырып, бир нече окуучуга бир убакта көрсөтүүгө, материалдарды сактап, изилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары гистология, ботаника жана биология боюнча 80 даяр туруктуу препарат келди. Окуучулар абдан кызыгуу менен иштеп жатышат».
Физика мугалими Кайрат Ниязалиев жабдуулар теориядан практикага өтүүдө абдан керектүү экенин белгилейт:
«Сабак учурунда окуучулар теория менен гана чектелбестен, практикалык иштерди өз колдору менен аткарууга мүмкүнчүлүк алышты. Ар түрдүү приборлор, моделдер жана эксперименттик жабдуулар аркылуу темаларды терең өздөштүрүшүүдө. Натыйжада окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу жогорулап, суроо-жоопко активдүү катышып, изилдөө жүргүзүүгө умтулушууда».
Асель Бостонкулова - аталган мектептин директору. Ал жаңы жабдуулар билим берүү сапатын кыйла жакшыртууга өбөлгө түзө турганын айтат:
«Бул жабдууларды көптөн бери күтүп жатканбыз. Аларды колдонуу окуу процессин заманбап жана натыйжалуу кылат. Биринчиден, теория практика менен айкалышат — окуучулар формулаларды жаттап гана тим болбостон, тажрыйба аркылуу текшеришет. Экинчиден, критикалык жана логикалык ой жүгүртүү өнүгөт. Үчүнчүдөн, чыгармачылык жөндөмдөрү артат — инженердик долбоорлордо жана робототехникада окуучулар өз идеяларын ишке ашыра алышат. Төртүнчүдөн, команда менен иштөө көндүмдөрү калыптанат. Ошондой эле STEM багыты келечектеги кесипти тандоого багыт берет.
Бизге берилген жабдуулар үчүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине жана «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбооруна терең ыраазычылык билдиребиз».
Белгилей кетсек, аталган 220 мектеп аймактарда жаңы билим берүү стандарттарын пилоттук негизде сыноо, билим берүү процессине жаңы технологияларды киргизүү жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу максатында түзүлгөн 53 инновациялык мектептин кластердик мектептери болуп саналат.