Көрүлдү: 0
Өткөн жылдын соңунда 7-класс үчүн “Математика” жана “Табигый илимдер” предметтери боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер толугу менен адаптациялып бүткөн жана «Математика» предмети боюнча 144 965 нуска окуу китеби басылып чыгып, мектептерге таратылган.
Ал эми ушул тапта «Табигый илимдер» предмети боюнча окуу китеби басылып чыкты. Окуу китеби жалпысынан 144 965 нускада басылды.
Окуу китептерин адаптациялоо жана басып чыгаруу иштерин Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү жүргүздү. Ал эми адаптацияга катышкан эксперттердин ишин «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоору координациялаган.
Долбоордун өкүлү Жылдыз Артыкова бул иш көп баскычтуу жана масштабдуу болгонун белгилейт:
«Жаңы окуу китептери мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык иштелип чыккан жана ошол эле учурда мурдагы китептерден мазмуну жана берилиш формасы менен айырмаланат. Анда STEM-мамиле, компетенттүүлүккө багытталган окутуу, изилдөө жүргүзүү жана окуучулардын кызыгуусун арттырган заманбап ыкмалар кеңири колдонулган».
Окуу китептерин адаптациялап, басып чыгаруу өлкөдө билим берүү тутумун масштабдуу түрдө трансформациялоого багытталган «Алтын казык» мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.