Көрүлдү: 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында 220 кластердик мектепке физика, химия, биология жана география сабактары үчүн заманбап STEM окуу-лабораториялык жабдуулар жеткирилди.
Ар бир мектепке окуучулардын практикалык жана изилдөө иштерин жүргүзүүсү үчүн 25 комплекттен лабораториялык жабдуу берилди. Жалпысынан 5 500 комплект окуу-лабораториялык жабдуу, ошондой эле 220 интерактивдүү панель жана 220 ноутбук мектептерге тапшырылды.
Тасма тартуу тобу жаңы жабдууларды алган мектептердин бирине барып, окуу процессинде алардын колдонулушу менен таанышты. Сюжетте лабораториялык сабактардын өткөрүлүшү, жабдуулардын окуучулар жана мугалимдер үчүн ачкан мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Агартуу министрлигинин бул демилгенин максаттары жана мааниси тууралуу маектери камтылган.
Сюжетти бул шилтеме аркылуу өтүп көрүүгө болот: https://www.facebook.com/share/v/18WM7yAHe9/
Белгилей кетсек, бул 220 мектеп 53 инновациялык мектептин кластердик мектептери болуп саналат жана аймактарда жаңы билим берүү стандарттарын сыноо, заманбап технологияларды киргизүү жана педагогдордун кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн тажрыйбалык аянтча катары кызмат кылат.