"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Аймактарда 220 мектеп окуу-лабораториялык жана МКТ жабдуулар менен камсыздалды

Көрүлдү: 0

Өлкө боюнча 220 кластердик мектеп STEM-класстар үчүн (физика, химия, география, биология) заманбап окуу-лабораториялык жабдуулар жана практикага багытталган, санариптик окутууну камсыздаган маалыматтык-коммуникациялык каражаттар (МКТ) менен камсыздалды.

post.title

Жабдууларды жеткирүү өлкөдө билим берүү тутумун масштабдуу түрдө трансформациялоого, анын ичинде мектептерде STEM-предметтерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган «Алтын казык» мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.

Лабораториялык жабдуулар ар түрдүүлүгү менен айырмаланып, окуу процессинде ар кыл багыттагы тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жалпысынан 220 кластердик мектепке 5 500 комплект лабораториялык жабдуу, 220 интерактивдүү панель жана ошончо эле сандагы ноутбук жеткирилди.

Аталган комплекттер изилдөөчү лабораториялык иштерди жүргүзүүгө, механика, электр жана магнетизм мыйзамдарын, оптикалык кубулуштарды, толкун процесстерин, суюктуктардын касиеттерин, химиялык реакцияларды жана биологиялык объекттерди изилдөөгө арналган. Жабдуулар так өлчөөлөрдү жүргүзүүгө, эксперименттик маалыматтарды каттоого жана талдоого, ошондой эле окуучулардын илимий-изилдөө көндүмдөрүн жана заманбап өлчөө технологиялары менен иштөө жөндөмдөрүн калыптандырууга шарт түзөт.

Интерактивдүү панелдер жана кубаттуу окуу ноутбуктары лабораториялык иштерди башкарууга, эксперименттердин жыйынтыктарын онлайн көрсөтүүгө, санариптик моделдерди жана симуляцияларды көрсөтүүгө, ошондой эле окуучулардын долбоордук жана изилдөө иштерин иштеп чыгууга, сактоого жана сунуштоого колдонулат.

Бул жабдууларды пайдалануу окуучулардын предметтик билимин, практикалык көндүмдөрүн, санариптик сабаттуулугун жана изилдөөчүлүк ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле табигый-илимий багыттагы сабактарды окутуунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Ал эми мугалимдер үчүн окуу-лабораториялык жабдууларды жана МКТ-каражаттарды билим берүү процессинде натыйжалуу пайдалануу боюнча тиешелүү окутуулар өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, аталган 220 мектеп аймактарда жаңы билим берүү стандарттарын пилоттук негизде сыноо, билим берүү процессине жаңы технологияларды киргизүү жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу үчүн эксперименталдык аянтчалар катары түзүлгөн 53 инновациялык мектептин кластердик мектептери болуп саналат.

Жабдуулар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар