"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Инновациялык мектептердеги кызыктуу STEM сабактары!

Көрүлдү: 0

Раззаков шаарындагы Ю.Гагарин атындагы инновациялык мектептин химия мугалими Толкунай Халбаева жана биология мугалими Мохира Эргашева өткөн жылы STEM мугалимдери үчүн тренингге катышып, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүшкөн.

post.title

Он алты миңге чукул мугалим катышкан тренинг Агартуу министрлиги тарабынан "Сектордуөнүктүрүү долбоору:мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоорунун техникалык колдоосунда уюштурулган. Математика жана табигый илимдер (биология, химия, физика, география) багытындагы окутуулар окуучулардын STEM-сабактарына кызыгуусун арттыруу, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана командада иштөөнү өнүктүрүүгө багытталган. 

Андан бери эжейлер билгенин практикада колдонуп, окуучулардын илимге болгон кызыгуусун арттырып жатышат.

Алсак, жакында эле Толкунай Халбаева 8-класска «Кычкылтек жана анын касиеттери» темасында 5E моделин колдонуп ачык сабак өттү. Окуучулар тажрыйба жасап, изилдеп, практика жүзүндө жооп издешти. 

Ал эми Мохира Эргашева 10-класска 3С+1E моделин колдонуп, кызыктуу ачык сабак өттү. 

Мындай ачык сабактар окуучуларга теорияны практика менен айкалыштырып, тажрыйба, изилдөө жүргүзүүнү жана сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөтөт.

Белгилей кетсек, аталган мектеп долбоордун 53 инновациялык мектебинин бири катары имараты оңдоп-түзөөдөн өтүп, лабораториялык жабдуулар жана окуу эмеректери менен камсыздалган.

Келечектеги илимпоздор үчүн STEM — бул жөн гана сабак эмес, кызыгуу, тажрыйба жана өнүгүү жолу!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар