"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Кадамжай районунун мектеп жетекчилери жана усулчулары үчүн маанилүү окутуу уюштурулду

Көрүлдү: 0

2026-жылдын 30-январында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу №28 Орун Абдрахманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин класстердик мектептеринин жетекчилери жана усулдук бирикмелердин жетекчилери үчүн семинар болуп өттү.

post.title

Семинардын негизги темасы — «Мугалимдердин кесиптик стандарттары» , «Трансформациялык лидерлик жана инновациялык мектептерди башкаруу»  жана «12 жылдык билим берүүнүн мазмунун айрым өзгөчөлүктөрү: жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты жана предметтик стандарттар».

Семинардын жүрүшүндө Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Бусадат Сатарова сөз сүйлөп, бүгүнкү жолугушуу жөнүндө пикирлерин бөлүшүп, бул стандарт өлкө боюнча билим сапатын бирдей деңгээлде кармоого жардам бере турганын белгилеп өттү.

📚 Семинарда төмөнкү маселелер талкууланды:
▪️ билим берүүдөгү актуалдуу өзгөрүүлөр;
▪️ мугалимдердин заманбап компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүү;
▪️ салттуу баалоодон критериалдык жана объективдүү моделдерге өтүү;
▪️ мектептер арасында тажрыйба алмашуу.

🧩 Ошондой эле методисттер практикалык иштерди өткөрүп, билимди баалоонун жаңы инструменттери менен тааныштырышты. Алдыңкы мугалимдер тарабынан ачык сабактар көрсөтүлүп, мугалимдер арасында STEM, санарип сабаттуулук боюнча мастер-класстар көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, окуу жайы «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбооруна кирген 53 инновациялык мектептин бири болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар