Көрүлдү: 0
24-январь – Эл аралык билим күнүнө карата, Сүлүктү шаарындагы И. Раззаков атындагы №7 жалпы билим берүү мектебинде мектеп жамааты үчүн маанилүү семинар өткөрүлдү.
Мектептин директору Гулсунай Мадмусаева жана директордун окуу иштери боюнча орун басары Гулнура Намазбаева «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында мугалимдер үчүн «Трансформациялык лидерлик жана инновациялык башкаруу» темасында семинар өттү.
Семинардын жүрүшүндө төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:
мугалимдердин өзүн-өзү баалоосу
жеке жана кесиптик өнүгүү пландарын түзүү
лидерлик сапаттарды өнүктүрүү
Иш-чара мугалимдердин лидерлик ролун бекемдөөгө, башкаруунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болду. Бул окутуулар жума сайын усулдук күндөрдө уланат.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айынан тарта долбоор тарабынан уюштурулган инновациялык 53 мектептин жетекчилиги жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчулары үчүн 72 сааттык «Трансформациялык лидерлик жана инновациялык башкаруу» аттуу онлайн тренингдер өткөрүлүүдө.
Ал эми окутуунун катышуучулары алган билимдерин жана көндүмдөрүн өз мугалимдер жамааты жана кластердик мектептердин жетекчилери менен бөлүшүүгө милдеттендирилген.