Көрүлдү: 0
2026-жылдын 28-январында Сокулук районуна караштуу К. Шопоков атындагы №3 жалпы билим берүү мектебинде райондун мектептеринин директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн семинар болуп өттү. Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери жана билим берүү тармагындагы адистер катышып, катышуучулардын жалпы саны 50гө жакынды түздү.
Семинардын темасы – «Алтын казык» мамлекеттик программасынын алкагында мугалимдин потенциалын өнүктүрүү жана билимди баалоонун жаңы моделдерин киргизүү».
Семинардын жүрүшүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева сөз сүйлөп, билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө мектеп администрациясынын ролу чоң экенин жана ар бир мугалим өз дараметин ачууга шарт түзүлүшү керектигин белгиледи:
«Билим – түбөлүк байлык. Окуучуларыбыз билимдүү болсо, алар ар дайым бийиктикте жүрүшөт. Билимдүү адам дүйнөнү тааныйт. Ошондой эле, агартуучулар катары өзүбүз да билим алуудан чарчабашыбыз керек», – деди ал.
Семинарда төмөнкү маселелер талкууланды:
Мындан тышкары методисттер тарабынан практикалык иштер уюштурулуп, катышуучуларга билимди баалоонун жаңы инструменттерин колдонуу боюнча сунуштар берилди. Ошондой эле мектептин алдыңкы кесипкөй мугалимдери тарабынан ачык сабактар көрсөтүлүп, окуучулар арасында “Phys Tech–2026 STEM” хакатону өткөрүлдү.
Бул иш-чара райондук деңгээлде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мугалимдердин потенциалын ачууга жана заманбап билим берүү моделдерин практикада ишке ашырууга багытталган маанилүү аянтча болду.
Белгилей кетсек, окуу жайы «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбооруна кирген 53 инновациялык мектептин бири болуп саналат.