"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Жаңы муундагы окуу китептер даяр болууда

Көрүлдү: 0

Гульбарчын Жумабаева гендер жана инклюзия маселелери боюнча эксперт. Ал ушул жылы 7-класс үчүн математика жана табият таануу предметтери боюнча окуу-методикалык комплексине тиешелүү экспертиза жүргүзүү ишине тартылган:

post.title

- Бул экспертизанын максаты – окуу китептери бардык окуучулар үчүн тең, бирдей мүмкүнчүлүк түзүп жатканына ынануу. Башкача айтканда, китептерде балдар менен кыздардын ролдору тең чагылдырылганбы, ошондой эле ар түрдүү муктаждыктары бар окуучулар үчүн материал жеткиликтүүбү, ушуларды текшердик. Ошондой эле тексттерде же тапшырмаларда кандайдыр бир чектөө же стереотиптер болбошу зарыл, буга да көңүл бурдук.

Адаптациялоого катышкан эксперттер тандалып алынганда, биз аларды гендердик жана инклюзивдик сезимталдуулук боюнча окуттук.

Мисалы, китептердеги сүрөттөрдө же мисалдарда жалгыз эле балдар эмес, кыздар да активдүү ролдо көрсөтүлүшү керек. Инженер, изилдөөчү же эксперимент жүргүзүп жаткан образдарда кыздар да, балдар да тең чагылдырылат.

Инклюзивдик жагынан алганда, ар кандай мүмкүнчүлүктөрү бар балдар эске алынат: тил жөнөкөй, түшүнүктүү болушу керек, мисалдар турмушта кездешкен жагдайларга жакын берилет.

Ушундай экспертиза аркылуу окуу китептери заманбап, адилеттүү жана ар бир окуучуга ылайыктуу болуп чыгат.

Г.Жумабаеванын айтымында, гендердик жана инклюзивдик экспертиза окуу китептеринин мазмунун баланын укуктарына, заманбап билим берүү принциптерине жана мамлекеттик стандарттарга шайкеш келтирүүгө шарт түздү.

Өткөн жылдын соңунда 12 жылдык окутуу моделине ылайык, 7-класс үчүн математика жана табият таануу предметтери боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекси толугу менен адаптацияланып бүттү.

Окуу китептерин адаптациялап, чыгаруу ишин Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү жүргүзөт. Ал эми адаптацияга тартылган экперттердин ишин «Секторду өнүктүрүү долбоору:мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоору координациялаган.

“Окуу китеби” басма үйүнүн башкы редактору Данияр Ашымовдун айтымында, окуу-методикалык комплексинин курамына окуу китеби, иш дептери жана мугалим үчүн методикалык колдонмону кирет:

- Мугалим балдарга сабак өтүп жатканда ушул 3 китепке таянышы керек. Балдар окуу китебинен билим алып, аны иш дептеринде чагылдырып, ал эми билимди балдарга толук жеткирүү үчүн мугалим колдонмону колдонгондо гана билим окуучуларга жеткиликтүү болот.

Аталган окуу-методикалык комплексин адаптациялоо көп баскычтуу процесс болуп, бир топ күч-аракетти талап кылган. “Секторду өнүктүрүү долбоору:мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун өкүлү Жылдыз Артыкова адаптациялоого тартылган эксперттердин ишин көзөмөлдөгөн:

-  Жалпысынан котормочу, дизайнер, версткалоочу, корректор, көркөм жана техникалык редактор, иллюстраторлордон турганбир канча эксперт иш алып барган. Алар 320 беттен турган материалды ишеп чыгышса, 53 инновациялык мектептерден 200дөй мугалим окуп, каталарды карап чыккан. Китептерге ошондой эле 100гө чукул иллюстрация кошулган.

Жылдыз Артыкованын айтымында, бул окуу-методикалык комплекстер мурдагы китептерден бир топ айрымаланат:

- Китептердин мазмуну окуучуда калыптана турган билимдердин, илимий түшүнүктөрдүн спираль түрүндө калыптанышына жардам берет. Китептин баяндоо стили да башкача. Анда окууга балдардын мотитивациясын жогорулатууга шарт түзүлгөн. Ошондой эле окуу-методикалык комплексте өз алдынча изилдөөлөрдү жүргүзгөнгө, китептен тышкары башка булактарды колдонууга, STEMдик мамиле, компетенттүүлүккө багытталган билим берүү, проблемалык окутуу, ишкерликке багытталган окутуу өңдүү рубрикалар бар.

Адаптацияланган окуу китептери окуучулардын негизги STEM-компетенцияларын, критикалык ой жүгүртүүсүн жана изилдөөчүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле мектептик практикада окутуунун заманбап ыкмаларын киргизүүгө багытталган.

Агартуу министрлигинин билдиришинче, 2025-жылы окуу-методикалык комплексин басып чыгаруу көлөмү акыркы жылдардагы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Алсак, 2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 856  548 703 сом бөлүнгөн.

Ал эми  12 жылдык окутуу моделине ылайык, бардык предметтер боюнча окуу китептерин жаңылоонун так этаптуу планы түзүлгөн.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар