"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Чүй облусундагы Аламүдүн районундагы мектеп жетекчилери үчүн семинар өттү

Көрүлдү: 0

Аламүдүн районунун инновациялык Гроздь айылдык мектеби жана 4 кластердик мектептердин администрациясы менен мугалимдери «Мугалимдердин кесиптик стандарттары» темасындагы семинарга катышты.

post.title

Иш-чарада райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулук башчысы Перизада Бороева 37 агартуучуга кесиптик стандарттардын максаты жана мааниси тууралуу кенен маалымат берди. Семинарда мектеп жетекчилерине жана мугалимдерге окутуунун сапатын жогорулатуу, окутуу процессин эффективдүү уюштуруу, ошондой эле укуктук жана педагогикалык нормаларды сактоо боюнча маселелер талкууланды.

Катышуучулар ошондой эле мугалимдердин билими, жөндөмү жана кесиптик жүрүм-туруму боюнча негизги талаптарды карап, алардын мектептеги ишмердүүлүккө тийгизген таасирин талкуулашты.

Семинар «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» алкагында уюштурулду. Өткөн жылдын ноябрь айынан тарта долбоор тарабынан уюштурулган инновациялык 53 мектептин жетекчилиги жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчулары  үчүн 72 сааттык «Трансформациялык лидерлик жана инновациялык башкаруу» аттуу онлайн тренингдер өткөрүлүүдө. 

Окутуунун катышуучулары алган билимдерин жана көндүмдөрүн өз мугалимдер жамааты жана кластердик мектептердин жетекчилери менен бөлүшүүгө милдеттендирилген.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар