"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
«Трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу» онлайн-курстары уланууда

Көрүлдү: 0

«Секторду өнүктүрүү долбоору: мектеп билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында «Трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу» 72 сааттык кесиптик өнүгүү онлайн-курстары уланууда.

post.title

Ушул тапта «Педагогикалык лидерлик» экинчи модулунун  алкагында «Билим берүүнүн сапатын башкаруу жана мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн колдоо» темасы боюнча онлайн-курс старт алды.

Курс инновациялык мектептердин жетекчилери, райондордун жана шаарлардын билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери, облустук методикалык борборлор, ошондой эле педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институттарынын адистери үчүн уюштурулган.

Тренингге жалпы эсеп менен болжол менен 200 адам катышууда.

Иш-чаранын максаты — инновациялык мектептердин башкаруу командаларынын лидердик жана педагогикалык потенциалын бекемдөө, мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн (ҮКӨ) натыйжалуу пландоо жана ишке ашыруу үчүн наставниктин жана менторлуктун инструменттерин колдонуу.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн уюштуруунун негизги ыкмаларын карап чыгышат, мугалимдердин кесиптик муктаждыктарын диагностикалоо инструменттерин үйрөнүшөт, ошондой эле кесиптик өсүү процессинде педагогдорду коштоо жана колдоо механизмдерин талкуулашат.

Мугалимдин кесиптик компетенцияларына дескрипторлор, педагогикалык ишмердүүлүктү өзүн-өзүн баалоо барактары, сабактарды байкоо жана конструктивдүү пикир берүү өңдүү практикалык инструменттерге өзгөчө көңүл бурулган. Практикалык бөлүк мектептердин командалык ишинин формасында өтүп, катышуучулар ҮКО инструменттерин апробациялап, пайда болгон суроолорду жана кыйынчылыктарды талкуулоодо.

Тренингдин соңку этабында облустук топтордо апробациянын натыйжаларын талкуулоо, жыйынтык жана сунуштарды презентациялоо сессиясы болот. Катышуучулар ошондой эле жеке жана жалпы мектептин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү планын түзүү инструменттери менен таанышат.

Тренингдин жыйынтыгында жетекчилер жана методисттер мугалимдердин кесиптик муктаждыктарын диагностикалоо, жеке жана жалпы мектептин ҮКО планын иштеп чыгуу жана аны 2026–2027-жылдарга инновациялык мектептерди өнүктүрүү пландарына кошуу боюнча практикалык тапшырмаларды алышат.

Катышуучуларга курста ээ болгон билим жана көндүмдөрү билим берүүнүн сапатын натыйжалуу башкарууга жана инновациялык мектептерде мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн системалык колдоону курууга жардам берет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар