"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Инновациялык мектептер тармагын өнүктүрүү: Кыргызстандын мектептик билим берүү системасындагы олуттуу өзгөрүүлөр

Көрүлдү: 0

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын инновациялык мектептер тармагын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда.

post.title

Инновациялык мектептер билим берүү реформаларын ишке ашыруунун негизги борборлору катары каралып, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтууга, STEM-билим берүүнү жана санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө, ошондой эле башка жалпы билим берүү уюмдары менен туруктуу тармактык өз ара аракеттенүүнү калыптандырууга багытталууда.


Долбоор 53 инновациялык мектеп менен стратегиялык башкарууну өнүктүрүүгө, жаңыланган билим берүү стандарттарын киргизүүгө жана туруктуу тармактык өз ара аракеттенүүнү калыптандырууга багытталган системалуу иш алып барууда. Инновациялык мектептердин директорлору жана директорлорунун орун басарлары үчүн «Санарип Кампа» жана «Э-Күндөлүк» санариптик билим берүү платформаларын пайдалануу боюнча маалыматтык жана окутуучу онлайн-жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.Мектеп жетекчилери, ошондой эле райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери үчүн трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу боюнча 72 саатка эсептелген, алты модулдан турган квалификацияны жогорулатуу программасы ишке ашырылууда.


Методикалык коштоо алкагында профильдик окутуу маселелери боюнча аналитикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүлүп, ошондой эле STEM-багыттарын жана кванториумдарды өнүктүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми 23 инновациялык мектепте жана Кыргыз билим берүү академиясында инновациялык мектептердин стандарттарына ылайык келтирүүгө багытталган инфраструктураны комплекстүү модернизациялоо каралган.


Оңдоо иштери аяктагандан кийин инновациялык мектептер STEM- жана ИКТ- жабдуулары, «Кванториумдар» үчүн жабдуулар, мектеп эмеректери жана видеобайкоо системалары менен камсыздалат.


Ошол эле учурда 220 кластердик мектеп лабораториялык жана маалыматтык-коммуникациялык жабдуулар менен жабдылууда. Мектептерге STEM-лабораториялык комплекттер, ошондой эле ноутбуктарды жана интерактивдүү панелдерди камтыган ИКТ-жабдуулар жеткирилүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар