"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында мектеп жетекчилери үчүн семинар уюштурулду

Көрүлдү: 0

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы И. Раззаков атындагы №7 жалпы билим берүү мектебинин директору Гүлсүнай Мадмусаева жана директордун окуу иштери боюнча орун басары Гүлнура Намазбаева «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында инновациялык мектептер тармагына кирген кластердик мектептердин жетекчилери үчүн «Трансформациялык лидерлик жана инновациялык башкаруу» темасында семинар өткөрүштү.

post.title

Иш-чарага шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, шаардагы 8 мектептин директорлору жана директорлордун окуу иштери боюнча орун басарлары катышты.

Семинардын жүрүшүндө кластердик мектептердин өзүн-өзү баалоосу, өнүгүү пландарын түзүү, ошондой эле мектеп директорлорунун башкаруучулук компетенцияларын өз алдынча баалоо маселелери каралды.

Бул семинар мектеп жетекчилеринин лидерлик ролун күчөтүүгө, окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында аталган 72 сааттык онлайн-окутуу курс ноябрь айында башталган. Курстун катышуучулары — инновациялык мектептердин жетекчилери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери, облустук методикалык борборлордун өкүлдөрү, ошондой эле педагогикалык кадрларды квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институттарынын адистери.

Аталган курска катышкан инновациялык мектептердин өкүлдөрү окутуудан өткөндөн кийин алынган билимдерин жана тажрыйбасын андан ары кластердик мектептерге үчүн жайылтышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар