Көрүлдү: 0
Урматтуу мугалимдер! Биз математика жана табият таануу багытындагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарына катыша албай калган мугалимдер үчүн тажрыйбалуу мастер-тренерлердин видео тренингдерин сунуштайбыз.
Бул материалдар сиздерге PISA эл аралык ыкмаларына негизделген заманбап окутуу усулдары менен таанышып, мектептик билим берүүнүн 12 жылдык системасындагы жаңычылдыктарга даярданууга жардам берет.
Материалдар төмөнкү суроолорго жооп табууга көмөктөшөт:
– Окуучулардын сын пикир менен ой жүгүртүүсүн жана практикалык көндүмдөрүн кантип өнүктүрүү керек;
– Табият таануу багытындагы сабактарда 5E моделин кантип колдонуу керек;
– Математикалык сабаттуулукту, концептуалдык ой жүгүртүүнү жана математикалык моделдөөнү кантип өнүктүрүү керек.
Материалдар тажрыйбалуу улуттук тренерлер тарабынан даярдалган.
Белгилей кетсек, видео-сабактар КРнын Агартуу министрлиги, Педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу республикалык институту тарабынан, «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун колдоосу менен даярдалган.
Видео-сабактарды Ustat платформасынан табууга болот:
🔗 https://ustat.edu.gov.kg/courses/singapur