Көрүлдү: 0
«Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында «Трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу» аттуу 72 сааттык онлайн-окутуу башталды. Курстун катышуучулары: инновациялык мектептердин жетекчилери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери, облустук методикалык борборлордун өкүлдөрү, ошондой эле педагогикалык кадрларды квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институттарынын адистери.
Курс 6 модулдан турат жана 2025-жылдын ноябрынан 2026-жылдын май айына чейин өткөрүлөт. Учурда 1-модуль боюнча окутуу жүрүүдө, анын темасы «Трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу». Модуль мектепти өнүктүрүү стратегиясын түзүүгө, лидерлик компетенцияларды өнүктүрүүгө жана инновациялык\пилоттук мектептин өнүгүү программасын даярдоого багытталган.
Программа мектептер менен методикалык кызматтардын ортосундагы тармактык өз ара кызматташууну, тажрыйба алмашууну, педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн камсыздоону, жана кесиптик практика коомчулуктарын түзүүнү камтыйт.
Курстун негизги максаты - билим берүү реформаларын сапаттуу ишке ашырууга жөндөмдүү, кесиптик тармактарда кызматташтыкты өнүктүрө алган жана окуу процессинин сапатын жогорулатууга багытталган мектеп лидерлеринин коомчулугун калыптандыруу.
Белгилей кетсек, «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.