"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Жаңы окуу жылында – жаңыланган стандарттар

Көрүлдү: 0

Өлкөдө жаңы окуу жылында математика, физика, химия, биология, информатика жана география предметтери боюнча жаңыланган предметтик стандарттар киргизилген. Бул – өлкөнүн он эки жылдык билим берүү системасына өтүү жолундагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

post.title

Бул иштер Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун колдоосунда жүргөн. Ал эми Кыргыз билим берүү академиясы (КББА)жараянды толугу менен координациялаган.

Ишке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 37 эксперт тартылган. Алардын арасында КББАнын илимий кызматкерлери, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун адистери жана чоң тажрыйбасы бар мугалим-практиктер бар.

КББАнын жетектөөчү илимий кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты, Табигый-илимий жана математикалык билим берүү лабораториясынын башчысы Бактыгүл Рыспаева бул жаатта жасалган иштер, жаңы стандарттардын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.


Жаңы стандарттар окуучунун ой жүгүртүү жана изилдөө жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган.

«Жаңы стандарттардын негизги максаты – окуучуларды реалдуу жашоого жана эмгекке даярдоо, билимди практикага колдонууга үйрөтүү», – дейт КББАнын жетектөөчү илимий кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты Бактыгүл Рыспаева.

Мурдагы стандарттар негизинен теориялык билимди текшерүүгө багытталган болсо, азыркы жаңы үлгү окуучунун компетенттүүлүгүн жана ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө көңүл бурат.


Билим берүү түзүмүндөгү өзгөрүүлөр

Кыргызстан дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграцияланууну көздөп, билимдин сапатын жогорулатууга багыт алды.

Жаңы 12 жылдык система төмөнкүдөй болуп өзгөрдү:

  • Башталгыч мектеп: 1–6-класстар
  • Негизги мектеп: 7–9-класстар
  • Жогорку профилдик баскыч мектеп: 10–12-класстар

Ошондой эле, стандарттар санариптик, инклюзивдик, экологиялык жана интегративдик  мамилелердин негизинде түзүлдү.


Химия предметиндеги жаңычылдыктар

Б.Рыспаеванын жетекчилиги менен иштелип чыккан химия  боюнча предметтик стандарттын мазмунунда да кыйла өзгөрдү.

Базистик окуу планда химия предмети 2025-2026 окуу жылынан баштап 7-класстан баштап  жумасына 1 саат, жыл бою 34 саат окутула баштады (мурда 8-класстан башталчу).
 

Бул окуучуларга алгачкы химиялык түшүнүктөрдү өздөштүрүүгө жана жогорку класстардагы татаал темаларга даярданууга жардам берет жана аларда алгачкы химиялык түшүнүктөрдү калыптандырат.

«Бардык табигый илимий предметтерди 7-класстан баштап окутуу – окуучунун дүйнөнү бирдиктүү илимий көз караш менен түшүнүүсүнө өбөлгө түзөт», – деп белгиледи Рыспаева.

Жаңы стандартта практикалык иштерге өзгөчө көңүл бурулган жана 7-класска 12 лабораториялык иш киргизилген.


Виртуалдык лабораториялар жана санариптик чечимдер

Практикалык иштерди өткөрүүдө реактивдер жетишсиз болгон учурда виртуалдык лабораториялар жана электрондук ресурстар колдонулат.

«Бул ыкма окуучулардын маалыматтык жана санариптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», – деди Рыспаева.


Баалоо системасы

Окуучулардын окуу жетишкендиктери ар бир предметтин өзгөчөлүгүнө жараша бааланат.
Химия сабагында, мисалы, төмөнкүлөр эске алынат:

  • оозеки жана жазуу иштерин аткаруу;
  • эксперимент жана изилдөө иштерин жүргүзүү көндүмдөрү;
  • техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо;
  • эсептик маселелерди чыгаруу жөндөмү.

Баалоонун бардык критерийлери стандарттардын жана окуу программаларынын тиркемелеринде көрсөтүлгөн.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар