Көрүлдү: 0
«Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында өлкө боюнча 23 мектепте жана Кыргыз билим берүү академиясында оңдоп-түзөө-курулуш иштери башталат.
Оңдоп-түзөө иштери STEM-кабинеттерин (физика, химия, биология, география, математика), информатика кабинетин, чогулуш жана спорт залдарын, китепкананы, кыздар жана балдар үчүн эмгек кабинетин, коридорлорду жана дааратканаларды камтыйт. Ошондой эле керектүү жерлерде чатырлар жана жылытуу системалары жаңыланат.
Окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап жана жайлуулукка басым жасалмакчы!
Жаңыланган STEM-кабинеттер кийинчерээк заманбап мультимедиа жана компьютер жабдуулары, санариптик лабораториялар, заманбап окуу эмеректери жана видеобайкоо системалары менен жабдылат.
Учурда долбоордук-сметалык документтерди даярдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Оңдоп-түзөө иштери 2026-жылы башталат.
Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылаган долбоор КРнын Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
Долбоор жалпысынан өлкө боюнча 53 мектепте иш алып барат.