Көрүлдү: 0
2025-жылдын 11-12 сентябрында билим берүү тармагындагы реформаларды жайылтуу жана инновациялык мектептерди колдоо максатында маалыматтык семинарлардын сериясы башталды.
Семинарлар Агартуу министрлигинин "Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоору тарабынан "Алтын Казык" билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.
Иш-чарага 53 инновациялык мектептин директорлору жана алардын орун басарлары катышып, билим берүүдөгү эң актуалдуу темаларды талкуулашууда. Алардын катарында жаңы предметтик стандарттарды киргизүү, окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу, мектеп процесстерин санариптештирүү жана заманбап билим берүү платформалары, 12 жылдык билим берүү шартында профилдик окутууну уюштуруу, педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү, инклюзия жана тарбиялык иш, инновациялык мектепти башкаруу жана эл аралык тажрыйба сыяктуу маселелер бар.
Семинардын алгачкы сессиясында эки маанилүү тема кеңири каралды:
• “Предметтик стандарт: түзүлүшү, негизги талаптары жана билим берүү процессинде практикалык колдонуу мүмкүнчүлүктөрү”;
• “Санарип Кампа” санарип платформасын билим берүү ишмердүүлүгүн колдоо жана коштоп жүрүүчү курал катары пайдалануу”.
Билим берүү системасында олуттуу өзгөрүүлөр орун алып, жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттар кабыл алынып, санариптик чечимдерди колдонуу кеңири жайылтылып жаткан шартта мектеп жетекчилеринин, мугалимдердин билимин жаңыртуу өзгөчө мааниге ээ. Мындан улам, аталган демилге билим берүү тармагындагы сапаттык өзгөрүүлөрдү тездетүүгө өбөлгө түзөт.