Көрүлдү: 0
Бүгүн, 4-сентябрда, педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу системасын реструктуризациялоо жана оптималдаштыруу боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Талкуунун жүрүшүндө Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, облусттук билим берүү методикалык борборлорунун, ошондой эле педагогикалык ЖОЖдордун алдындагы квалификацияны жогорулатуу борборлорунун түзүмүн жана функцияларын кайра карап чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жумушчу топ «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында түзүлгөн жана максаты – мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасынын натыйжалуулугун жана сапатын арттыруу болуп саналат.
Жыйын Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин орун басары Н. Джусупбекованын жетекчилиги алдында, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору А. Токтомаметовдун, институт кызматкерлеринин, жумушчу топтун мүчөлөрүнүн жана долбоордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Н. Джусупбекова Министрлер Кабинетинин, анын ичинде Юстиция министрлиги менен Билим берүү министрлигинин педагогикалык кадрларды өнүктүрүү боюнча көз карашын сунуштады. Анын негизги багыттары төмөнкүлөр:
* ПККЖжКДРИнин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
* мугалимдерди камтууну кеңейтүү (эгерде учурда мугалимдер квалификацияны жогорулатуу курсун беш жылда бир жолу өтүүгө милдеттүү болсо, келечекте жыл сайын өтүлөт);
* мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу кызматтарын көрсөтүүчү провайдерлердин санын көбөйтүү;
* мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасынын сапаты жана мониторингин камсыз кылуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө жумушчу топтун аткарган иштери тууралуу маалымат берилип, алдыдагы милдеттер талкууланып жана кийинки этаптын мөөнөттөрү аныкталды.