"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Кыргызстанда социалдык видеороликтер иштелип чыкты

Көрүлдү: 0

Балдардын социалдык жана психологиялык бакубаттуулугун коргоо, мектептеги зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле кесип тандоого терс таасирин тийгизген гендердик стереотиптер боюнча мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу максатында мектеп чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган төрт видеоролик даярдалды:

post.title

•    «Өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун алдын алуу»

https://www.facebook.com/SESSDP/videos/3992788380970001 

•    «Мектеп окуучулары арасындагы буллингди алдын алуу»

https://www.facebook.com/bilimilimkg/videos/605308418857998

•    «Кесип тандоодо гендердик стереотиптер»

https://www.facebook.com/bilimilimkg/videos/1817185485859623 

•    Мугалимдер үчүн ролик: «Инклюзиялык билим берүү шартында окуучуларга мамиле кылуу, гендердик стереотиптерди таануу жана жайылтпоонун жолдору»

https://www.facebook.com/bilimilimkg/videos/24458059223819902 

Бул видеоматериалдар Кыргыз Республикасынын Агартуу Министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун техникалык көмөгү менен даярдалды.

Материалдардын максаты — мектептерде өспүрүмдөр арасындагы буллингди алдын алууга үндөө, бул маселе боюнча окуучулардын жана ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу, жаштардын кесип тандоосуна таасир эткен эскирген гендердик стереотиптерди жоюу, ошондой эле инклюзиялык жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү.

Бул видеороликтер мугалимдер жана мектеп администрациялары үчүн кошумча курал болуп, балдар жана өспүрүмдөр менен иштөөнү жеңилдетет, өз ара урматтоо жана түшүнүү маданиятын калыптандырууга жардам берет жана билим берүү процессинин сапатын жогорулатат.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар