"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
ЖКББ/ОКББ боюнча Жол картасын ишке ашыруу боюнча эксперттик топтун жумушчу жолугушуусу өттү

Көрүлдү: 0

Бишкек шаарында 29-июлда Кыргыз Республикасында жогорку жана орто кесиптик билим берүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу алкагында эксперттик топтун жолугушуусу өттү.

post.title

Жолугушуунун максаты — Жол картасынын аткарылышы боюнча аралык жыйынтыктарды чыгаруу жана 12 жылдык билим берүү моделин ишке ашыруунун негизги аспектилерин талкуулоо болду. Иш-чарада:
🔹 Министрликтин өкүлү Хадича Шамбеталиева Жол картасынын бардык пункттары боюнча талдоо жүргүзүп, жетишилген жыйынтыктар жана мындан аркы пландар тууралуу маалымат берди.
🔹 Улуттук эксперт Гулбарчын Жумабаева GESI (гендердик теңдик жана социалдык инклюзия) принциптерин билим берүү саясатына жана мазмунуна интеграциялоонун жолдору тууралуу баяндама жасады.
🔹 Миркүл Эсенгулова дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн 12 жылдык билим берүү тажрыйбасын салыштырып, Кыргызстандын шарттарына ылайык келген сунуштарды берди.

Талкуунун жыйынтыгында реформаны ишке ашыруунун мониторинг системасын өркүндөтүү, мекемелер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана инклюзивдүү билим берүү принциптерин бардык деңгээлде ишке киргизүү боюнча макулдашуулар кабыл алынды.

Бул жолугушуу — билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар