"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Мугалимдер үчүн окуу материалдары чыгарылууда

Көрүлдү: 0

Жаңы предметтик стандарттарды жана адаптацияланган STEM-дисциплиналары боюнча окуу-методикалык комплекстерди ишке киргизүүдө мугалимдерди даярдоо максатында педагогдордун чеберчилигин жогорулатуу боюнча окуу материалдары иштелип чыгууда.

post.title

Алардын ичинде — STEM мугалимдери үчүн методикалык колдонмо, тренерлер үчүн колдонмо жана ар түрдүү STEM предметтери боюнча 6 иш дептер бар.

Максаты — мугалимдерди жалпы билим берүүнүн жаңы Мамлекеттик стандарты менен тааныштыруу, STEM боюнча 6 жаңы предметтик стандартты ишке киргизүү жана математика менен табият таануу сабактары боюнча жаңыланган окуу китептерин натыйжалуу колдонууга көмөктөшүү.

Бул иштер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан жана Азия өнүктүрүү банкы каржылаган «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар