Көрүлдү: 0
Долбоор Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Азия Өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, өлкөдөгү билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарга жетүүгө багытталган.
Байкоочу кеңеш долбоорду ачык-айкын жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. Жыйынга агартуу министринин орун басары, башкармалыктардын жана ведомстволук мекемелердин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.
Жыйын агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын ачылыш сөзү менен башталды. Ал долбоордун максаттарына жетүү үчүн пландалган иш-аракеттерди так жана өз убагында аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө долбоордун акыркы алты айдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчет каралып, биринчи жыйындын чечимдеринин аткарылышы жана саясат чаралардын ишке ашырылышы талкууланды. Катышуучуларга долбоордун негизги компоненттери боюнча презентациялар көрсөтүлдү.
Атап айтканда, математика, физика, химия, биология, география жана информатика сабактары боюнча предметтик стандарттарды иштеп чыгуу жөнүндө маалымат берилди. Бул ишке 32 эксперт тартылган. Учурда STEM багытындагы предметтер боюнча 7-класстардын окуу-методикалык комплекттери адаптацияланууда. Ошондой эле мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга арналган окуу материалдары жана колдонмолор даярдалган.
Жыйындын катышуучуларына жогорку кесиптик билим берүүнүн стандарттары менен окуу программаларына жүргүзүлгөн анализ да сунушталды.
STEM багытындагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Долбоордун алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан 16 000ге жакын мугалим окуудан өттү. Бул тренингдер мугалимдерге окуучулардын STEM-дисциплиналарына болгон кызыгуусун арттыруу, критикалык ой жүгүртүүнү, изилдөө жөндөмдөрүн жана команда менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Мындан тышкары, предметтик стандарттарда жана окуу китептеринде гендердик теңчиликке, гендердик сезимтал тилге жана социалдык инклюзияга байланыштуу иш-аракеттер сунушталды.
Жыйындын жүрүшүндө бардык материалдар боюнча активдүү талкуу жүрүп, катышуучулар суроолорду берип, алдыдагы артыкчылыктуу милдеттерди белгилешти.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын 2018–2040-жылдарга карата Улуттук өнүгүү стратегиясын, 2021–2040-жылдарга карата Билим берүүнү өнүктүрүү программасын жана 2026-жылга чейинки Улуттук программаны ишке ашырууда Агартуу министрлигине колдоо көрсөтүүдө. Долбоор билим берүүнүн мазмунун жаңылоого, башкаруу системасын жакшыртууга жана инновациялык мектептердин түйүнүн түзүүгө басым жасайт.