"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярданууда: мугалимдер үчүн окутуу модулдары иштелип чыкты

Көрүлдү: 0

Өлкөдө 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүү боюнча активдүү иштер улантылууда. Бул багытта окуу программаларынын мазмуну жаңыланып, жаңы билим берүү стандарттары киргизилүүдө.

post.title

Белгилүү болгондой, буга чейин жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилген. Анын негизинде жогорку класстар үчүн STEM-дисциплиналар (физика, математика, информатика, химия жана биология) боюнча предметтик стандарттар иштелип чыккан. Азыркы учурда бул стандарттар коомдук талкуудан өтүп, бекитүүгө даярдалууда.
Ошол эле маалда аталган предметтер боюнча окуу-усулдук комплекстер (ОУК) адаптацияланып бүттү жана учурда басмага даярдалууда.

«Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында предметтик стандарттарды жана окуу китептерин кайра карап чыгуу боюнча улуттук эксперт тарабынан мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн окуу материалдары жана колдонмолор иштелип чыгып, бүгүн, 23-июнда, долбоордун кызматкерлерине презентацияланды.

Окутуу материалдары долбоордун консультанты тарабынан ОУКтун адаптерлери жана предметтик стандарттарды иштеп чыгуучулар менен биргеликте даярдалып, «STEM-дисциплиналары боюнча жаңы предметтик билим берүү стандарттарын жана окуу-усулдук комплекстерди окутуу процессине киргизүү» аталышындагы окутуу модулдарын, тренерлер үчүн колдонмо, мугалимдер үчүн жумушчу дептерлер жана методикалык материалдарды камтыйт.

Окутуу материалдары үч негизги багытты камтыйт:

  1. Мамлекеттик билим берүү стандартын практикада колдонуу;
  2. Жаңы предметтик стандарттарды ишке киргизүү;
  3. Адаптацияланган окуу китептери жана окуу-усулдук комплекстерди натыйжалуу колдонуу.

Материалдар электрондук, интерактивдүү форматта даярдалган. Алар Педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу республикалык институтунун санариптик платформасына жайгаштырыларылат. Бул платформанын жардамы менен кеңири педагогикалык аудитория STEM-предметтерин окутуунун технологияларын, сабактар аралык ыкмаларды жана жаңы билим берүү стандарттарынын талаптарын өздөштүрө алат.

Белгилей кетсек, бул иш-аракеттер мамлекеттик «Алтын казык» программасын ишке ашыруу максатында долбоордун колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Программа өлкөдөгү билим берүү системасын кеңири трансформациялоого багытталган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар