"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Инновациялык мектептер жөнүндө Жобо жаңыланууда

Көрүлдү: 0

2025-жылдын 17-февралында Билим берүү жана илим министрлигинин №179 буйругу менен инновациялык мектептер боюнча иш жүргүзүүчү жумушчу топ түзүлгөн.

post.title

Аталган жумушчу топко 2014-жылдын 18-августунда кабыл алынган №631/1 буйрук менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы инновациялык жалпы билим берүүчү мектеп жөнүндө типтүү Жобону» кайра карап чыгуу тапшырмасы берилген.
Жаңы Жобонун негизги максаттары:
•    инновациялык мектептерге административдик жана каржылык автономия берүү;
•    тиешелүү каржылоо механизмдерин киргизүү;
•    окутуунун эксперименттик ыкмаларын киргизүүгө шарт түзүү жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу.
Жумушчу топ 2025-жылдын 1-июнуна чейин өз ишин аяктап, Кыргыз Республикасындагы инновациялык жалпы билим берүүчү уюмдар жөнүндө Жобонун жаңыланган долбоорун иштеп чыкты.

Долбоор мындан аркы макулдашуу жана бекитүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлдү.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар