Көрүлдү: 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү системасын трансформациялоо иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында ушул жылдын 20-майында математика жана табият таануу багыттары боюнча мастер-тренерлерди тандоо боюнча сынак жарыялаган.
Сынактын максаты – жаңы билим берүү стандарттарын жана программаларын эл аралык ыкмаларга жана талаптарга ылайык ишке киргизүү шартында мугалимдерди сапаттуу даярдоо үчүн улуттук тренерлердин командасын түзүү.
Бүгүн, 4-июнда Билим берүү жана илим министрлигинде улуттук тренерлерди тандоо иш-чарасы болуп өттү. Сынактын 1-этабында атайын түзүлгөн комиссия талапкерлерден келип түшкөн документтерди иргеген.
Мастер-тренерлер төмөнкү критерийлер боюнча тандалды:
Жаңы билим берүү стандарттарын жана программаларын эл аралык талаптарга ылайык ишке киргизүү шартында, тандалып алынган мастер-тренерлер жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдерин STEM предметтерин окутуунун дүйнөлүк алдынкы методикаларына окутушат.
Белгилей кетсек, аталган иштер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдооо институту тарабынан "Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоорунун техникалык колдоосунда мамлекеттик "Алтын Казык" билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.