"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
STEM багытындагы сабактар боюнча 15 826 мугалим масштабдуу окутуудан өттү

Көрүлдү: 0

Кыргызстанда математика жана табигый илимдер сабактарынын (биология, химия, физика, география) мугалимдери үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча кеңири масштабдуу курстар ийгиликтүү аяктады.

post.title

Окутуу курстары 2024-жылдын октябрь айынан 2025-жылдын март айына чейин өтүп, өлкөнүн бардык аймактарын камтыган жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө даярдыктын маанилүү этабы болду.

Программанын максаты – мугалимдердин кесиптик билимдерин жаңыртуу менен чектелбестен, PISA ыкмаларына негизделген заманбап эл аралык окутуу методикаларын киргизүүгө багытталган. Негизги басым окуучулардын математикалык жана табигый сабактар боюнча сабаттуулугун өнүктүрүүго жасалган. Айрыкча критикалык ой жүгүртүү, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билимди реалдуу турмуштук шарттарда колдоно билүү жөндөмүн калыптандырууга көңүл бурулду.

Курстар эки негизги багыт боюнча өткөрүлдү:

Математика: курстар окуучулардын математика боюнча терең концептуалдык түшүнүгүн калыптандырууга, математикалык моделдештирүү жана эсептөө ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул ыкмалар окуучуларга теориялык принциптерди гана өздөштүрбөстөн, аларды реалдуу жашоодо колдонууну үйрөнүүгө жардам берип, математиканы көбүрөөк түшүнүктүү жана кызыктуу кылат.

Табигый илимдер: окутуу 5E модели боюнча жүргүзүлөт, ал беш этап аркылуу окуучуларды тартатКызыктыруу (Engage), Изилдөө (Explore), Түшүндүрүү (Explain), Кеңейтүү (Elaborate) жана Баалоо (Evaluate). Бул ыкма окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрөт, аларга илимий процесстерге аралашып, билимди активдүү катышуу жана практикалык тажрыйба аркылуу өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Программанын түзүмүнө төмөнкү компоненттер кирген:
• тажрыйбалуу мастер-тренерлер тарабынан өткөрүлгөн 4 күндүк офлайн-тренингдер;
• өз алдынча иштөө үчүн электрондук окуу материалдары;
• автордук сабактардын планын иштеп чыгуу;
• онлайн-сессиялар жана эксперттик колдоо;
• мастер-тренерлердин катышуучулардын сабактарына баруусу;
• ар бир мугалимге жекече сунуштар жана колдоо көрсөтүү.

Окутуунун сапатын камсыз кылуу максатында 80ден ашуун жогорку квалификациялуу мастер-тренерлер тартылып, алар оффлайн жана онлайн форматта мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүштү. Курстун ар бир катышуучусу окуу процессине жаңы ыкмаларды натыйжалуу киргизүүгө көмөктөшчү жекече колдоо жана сунуштарды алды.

STEM багытындагы сабактар боюнча жалпы 15 826 мугалим окутуудан өттү.

Квалификацияны жогорулатуу боюнча курстар Кыргыз  Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Республикандык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун техникалык колдоосунда уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар