"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
12 жылдык билим берүүгө даярдык: Жаңы окуу китептери жана окуу-усулдук колдонмолор даярдалууда

Көрүлдү: 0

12 жылдык билим берүү системасына даярдык көрүүнүн алкагында 7-класстан 12-класска чейинки класстар үчүн математика жана табигый илимдер (физика, химия, биология) боюнча жаңы окуу китептери жана окуу-усулдук колдонмолор даярдалууда.

post.title

Бул жаңы окуу материалдары дүйнөлүк деңгээлде таанылган Кембридж билим берүү системасына негизделген жана жаңыдан бекитилген жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын жана тиешелүү предметтик билим берүү стандарттарынын талаптарына толук жооп бериши үчүн кайра иштелип чыгууда.


Окуу материалдарын адаптациялоо процессине 20дан ашуун эксперттер тартылган, алар Кыргызстандын бардык региондорунан тажрыйбалуу мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайларынын илимпоздору жана билим берүү мекемелеринин адистери. Бул биргелешкен иш аракеттер аркылуу окуу материалдары кыргыз реалдуулугуна, окуучулардын деңгээлине жана мугалимдердин муктаждыктарына ылайыкташтырылууда.


Даярдалып жаткан окуу-усулдук комплекстер төмөнкү үч негизги компоненттен турат:
1.    Окуу китеби – окуучунун билимди түздөн-түз өздөштүрүүсүнө багытталган негизги материал;
2.    Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо – ар бир сабакты эффективдүү өтүүгө көмөктөшүүчү методикалык нускамалар, тапшырмалар жана сабак пландары менен камсыз кылат;
3.    Окуучулардын иш дептери - практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, ой жүгүртүүнү активдештирүүгө арналган өз алдынча иштөөгө ылайык иш кагаздары.


Бул үч бөлүктөн турган окуу-усулдук комплекс окуу процессин системалуу жана натыйжалуу уюштурууга шарт түзөт.
Жаңы окуу материалдары кыргызстандык окуучуларга дүйнөлүк стандарттарга жооп берген билимди жеткирип, аларды XXI кылымдын талабына ылайык критикалык ойлонууга, изилдөөгө жана көйгөйлөрдү чечүүгө үйрөтүүгө, STEM көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Ошондой эле бул процесс мугалимдерге да заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүүгө жана колдонууга мүмкүнчүлүк берет.


Белгилей кетсек, аталган иштер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйү" тарабынан Азия өнүктүрүү банкы каржылаган "Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоорунун колдоосунда мамлекеттик "Алтын Казык" билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар