"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
STEM багытындагы предметтер боюнча жаңы предметтик стандарттар иштелип чыкты

Көрүлдү: 0

Он эки жылдык билим берүү системасына өтүүгө даярдык көрүү алкагында STEM багытындагы предметтер – математика, физика, химия, биология, информатика жана география боюнча жаңыланган предметтик стандарттар иштелип чыкты.

post.title

Бул ишти Кыргыз билим берүү академиясы (КББА) координациялаган. Ишке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 37 эксперт катышкан, алардын арасында КББАнын илимий кызматкерлери, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун адистери жана чоң тажрыйбасы бар мугалим-практиктер катышкан.

Жаңы стандарттардын долбоорлору КББАнын Окумуштуулар кеңешинде каралып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясына бекитүүгө жөнөтүлдү.

STEM предметтеринин мазмунун жаңылоонун максаты – замандын талаптарына жооп берген жана окуучуларды реалдуу жашоого, эмгекке даярдаган окутуу ыкмаларын калыптандыруу.

Бул иштер Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун колдоосунда жүрүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар