"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
ПРСРШО долбоорунун өкүлдөрү маанилүү иш-чарага катышты

Көрүлдү: 0

Бүгүн, 15-апрелде “Секторду өнүктүрүү долбоору:Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун менеджери Ж.Узбекова баш болгон долбоордун өкүлдөрү «Орто жалпы билим берүүнүн 12 жылдык системасы: педагогикалык кадрларды даярдоодо жана реформаларды ишке ашырууда орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин ролу» темасындагы тегерек столго катышты.

post.title

Иш-чарага билим берүү тармагындагы адистер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, педагогикалык ЖОЖдор менен колледждердин жетекчилери жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты – өлкөдө 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында педагогикалык билим берүү системасын трансформациялоонун негизги багыттарын талкуулоо.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө буларга токтолду:
"Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров тарабынан коюлган негизги талап — билим берүү системасынын сапатын жогорулатуу жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү.
Бүгүнкү күндө тиешелүү нормативдик документтер, Концепция кабыл алынып, бюджеттер бекитилди. Өнөктөштөрдүн, мисалы, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жана өз каражаттарыбыздын эсебинен 46 наамдагы окуу китептери даярдалып жатат. Мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилип, предметтик стандарттар иштелүүдө.
Бирок эң кыйын жана маанилүү маселе — билим берүү системасына мыкты педагогдорду тартуу, алардын ишин туура баалоо жана сапаттуу иштөөсү үчүн мотивация берүү. 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө эң негизгиси — кимди, эмнеге жана кантип даярдайбыз деген суроолорго жооп берүү. Педагогикалык стандарттарды кантип өзгөртөбүз? — мына ушул негизги маселелердин бири. Ошондуктан биз сиздерден сунуштарды жана активдүү катышууну күтөбүз”.

Тегерек столдо: 
✔️ педагогикалык ЖОЖдордун ролу,
✔️ дүйнөнүн тез өзгөргөн шартында кадрларды даярдоонун жаңы жолдору,
✔️ Литванын STEAM-экосистемасынын тажрыйбасы,
✔️ 12 жылдыкка ылайык окутуу программаларын адаптациялоо маселелери талкууланды.

Бул иш-чара билим берүү тармагындагы мамлекеттик органдар, илимий коомчулук жана практик адистер ортосундагы ачык диалог үчүн маанилүү аянтча болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар