"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
STEM предметтик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча адистер үчүн семинар өттү

Көрүлдү: 0

2025-жылдын 24-мартында Кыргыз билим берүү академиясында 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү боюнча STEM предметтик стандарттарын иштеп чыгуу, ошондой эле 7–12-класстар үчүн окуу-методикалык комплекстерди адаптациялоо боюнча адистер үчүн семинар болуп өттү.

post.title

Семинардын катышуучулары жаңы мамлекеттик жалпы орто билим берүү стандартынын талаптары, анын негизинде билим мазмунун аныктоо принциптери, ошондой эле предметтик стандарттардын макеттери менен таанышты. Иш-чараны Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин доктору, профессор Н. Дюшеева алып барды.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык өткөрүлгөн сынакта тандалган 50 адис офлайн жана онлайн форматта катышты. Семинардын соңунда адистер аткарыла турган иштердин графигин түзүштү.

Семинар Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган «Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектеп билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында уюштурулган. Долбоордун негизги максаттарынын бири – STEM багыттары боюнча жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүгө предметтик стандарттарды иштеп чыгуу жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүү процесси учурунда окуу китептерин жаңы стандарттарга ылайык адаптациялоо болуп саналат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар