«Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында жумушчу топтордун жолугушуусу болуп өттү
Көрүлдү: 0
Буга чейин өлкөдө билим берүү тутумун трансформациялоо боюнча «Алтын Казык» программасынын жана «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында 3 жумушчу топ түзүлгөн.
Булар:
- Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кошумча жогорку билим берүү системасын жаңылоо боюнча жумушчу топ. Негизги максат — педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана институционалдык эс тутумду сактоо.
- Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу системасын кайра түзүмдөштүрүү жана оптималдаштыруу боюнча жумушчу топ. Жумушчу топ Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, облустук билим берүү усулдук борборлорунун жана педагогикалык ЖОЖдордун алдындагы квалификацияны жогорулатуу борборлорунун түзүмүн жана функцияларын кайра карап чыгышы керек.
- Инновациялык мектептерди модернизациялоо боюнча жумушчу топ. Бул топ инновациялык мектептердин жаңы жобосун иштеп чыгып, каржылоо жана автономия шарттарын эске алуу менен эксперименттик окутуу ыкмаларын киргизүүнү камсыздайт.
Бүгүнкү биринчи жолугушууну министрдин орун басары Н. Джусупбекова ачты. Иш-чарага жумушчу топтордун бир топ мүчөлөрү онлайн катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө топтордун мүчөлөрү иш механизмдерин жана координациялоо боюнча негизги маселелерди аныкташты.
Белгилей кетсек, жумушчу топтор өздөрүнүн иш багыттары боюнча нормативдик укуктук актыларды жана жергиликтүү документтердин жаңыланган редакцияларын 2025-жылдын 1-июнуна чейин тапшырууга милдеттүү.
Бөлүшүңүз