"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"

Көрүлдү: 488

"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"

(ПРСРШО) 2018 – 2040 жылдарга арналган Улуттук өнүгүү стратегиясын колдойт, анын алкагында ар бир жаран сапаттуу билим алууга укуктуу болот, бул билим гармониялуу инсанды тарбиялоого багытталган, адамдын потенциалын ачууга, практикада колдонулуучу билимдерди жана компетенцияларды формалоого, дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө ылайыкташууга, атаандаштыкка жөндөмдүү жана талапка жооп берүүчү болууга жардам берет.

Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын 2021 – 2040 жылдарга ишке ашырууга колдоо көрсөтүлөт, өзгөчө креативдүү жана ден соолугу чың адамдык потенциалды түзүү, санариптик чөйрөнү, санариптик билим берүүнү жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү өнүктүрүү аркылуу социалдык-экономикалык чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө эркин ылайыкташа алган жана аны өзгөртө алган адамдарды даярдоо; билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, ар бир окуучунун билимдерин жана компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган; педагогикалык кадрлардын потенциалын жогорулатуу жана педагогдор үчүн кесиптик жана карьералык өсүү үчүн эффективдүү моделди киргизүү; мектепти профилизациялоо, анын ичинде математика, табигый илимдер, технологиялык билим берүү тармактарында (STEM предметтери).

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар