ПРСРШО долбоорунун алкагында консультанттарга конкурс жарыяланат

26 Март 2026 ж.

 

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» (Кредит №4217 – KGZ (COL)/Грант №0851 – KGZ) (ПРСРШО) долбоору  төмөнкү жеке консультанттарга конкурс жарыялайт:

  1. Жогорку педагогикалык билим берүүнүн (ОКББ жана ЖКББ) координациясы жана сапаты боюнча башкы консультант;

  2. Мамлекеттик билим берүү стандарттарын, улуттук квалификациялык алкак, кесиптик стандарттарды  жана квалификацияны жогорулатуу программаларын шайкеш келтирүү боюнча консультант;

  3. Педагогикалык билим берүүнүн сапаты, квалификациялар жана окуу жыйынтыктарын таануу системалары боюнча консультант;

  4. Педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын камсыз кылуу жана стандарттарды трансформациялоо боюнча консультант;

  5. Квалификацияларды өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана окуу жыйынтыктарын таануу боюнча консультант;

  6. Педагогикалык билим берүүнүн багыттарын өнүктүрүү, инклюзивдүүлүк жана квалификацияларды баалоо боюнча консультант;

  7. Педагогикалык билим берүүнү системалуу өнүктүрүү жана реформалоо боюнча консультант;

  8. Жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча тажрыйбасы бар билим берүү тармагындагы эксперт, анын ичинде маалыматтык технологиялар жана STEM багыттары.

Келишимдин түрү – үзгүлтүктүү.

 

Резюмени орус жана англис тилдеринде 2026-жылдын 2-апрелинен кечиктирбестен Азия өнүктүрүү банкынын Консультациялык кызматтарды башкаруу системасы (Consulting Management System) аркылуу (http:cms.adb.org) же Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек шаары, Манас проспектиси 22А, 2-кабат, 205-кабинет, же sersdp.adb.project@gmail.com электрондук дарегине (позицияны көрсөтүү менен) жөнөтүү зарыл.

Квалификациялык талаптар жана аткарыла турган милдеттер тууралуу кеңири маалымат Техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн:


Ведущий консультант по координации и качеству высшего педагогического образования

Консультант по гармонизации ГОС, ОРК, ПС и программ повышения квалификации

Консультант по качеству педагогического образования, квалификациям и системам признания результатов обучения (СПО-ВПО);

Консультант по обеспечению качества подготовки педагогических кадров и трансформации стандартов (ВПО);

Консультант по развитию квалификаций, разработке профессиональных стандартов и признанию результатов обучения в СПО

Консультант по развитию направлений педагогического образования, инклюзивности и оценке квалификаций (ВПО);

Консультант по стратегическому развитию и реформированию педагогического образования в системе (СПО)

Эксперт в области образования с опытом разработки и анализа образовательных программ высшего и среднего профессионального образования, включая направления в сфере информационных технологий и STEM

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар