Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты иштелип чыкты

Көрүлдү: 0

Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты – ар бир баланын өнүгүү процессин комплекстүү өлчөө инструменти. Ал баланын бакчага келген учурунан тартып, андан кеткенге чейинки иш-аракеттерине күн сайын байкоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлөт. Педагогдор бала бакчадагы тайпалардын ичинде жана сыртында баланын жүргүзгөн бардык иш-аракеттерин, мисалы, сейилдөө учурунда байкап, өлчөп турушат.

post.title

 

Бул курал (БЭӨБ) баланын өнүгүүсүндөгү негизги аспектилерди ишенимдүү жана так белгилеп, тарбиячыга баланын өнүгүүсүнө жекече мамиле жасоого жана окутуу методдорун өркүндөтүүгө жардам бериши керек.

Өлчөөнүн негизги багыттары катары мамлекеттик стандартта аныкталган өнүгүүнүн беш багыты тандалган;

  • таанып билүү жана когнитивдик өнүгүү
  • физикалык өнүгүү
  • сабаттуулук (тил) жана коммуникация
  • чыгармачылык жана эстетикалык өнүгүү
  • социалдык жана эмоциналдык көндүмдөр

"Баланын өнүгүү картасы" ар бир бала көрсөткөн жүрүм-турум көрүнүштөрүн/көрсөткүчтөрүн чагылдырган үч диапазондогу (жогорку, жетиштүү жана жетишсиз) эсептегичтерден, индикаторлордон жана диаграммадан турган өнүгүү аймактарын камтыйт. Ар бир бала "Баланын өнүгүү картасын толтуруу боюнча колдонмодо" келтирилген көрсөтмөлөргө ылайык бааланат.

Куралда балдардын эрте өнүгүүсүн өлчөөнүн 2 негизги түрү колдонулат:

1) бала менен иштеген жогорку квалификациялуу эксперттин же педагогдун көзөмөлүнүн негизинде баланын өнүгүүсүн баалоого мүмкүндүк берген максаттуу байкоо;

2) текшерүү баракчасы же балдар менен иштөө процессинде колдонулган материалдардын жана жабдуулардын тизмеси.

Баалоо 4-5 жаштагы балдардын курактык категориясына карап 2 жуманын ичинде түздөн-түз байкоо түрүндө жүргүзүлөт жана рейтинг/балл коюу менен аяктайт. Педагог рейтингди түзөт, башкача айтканда, ар бир өлчөнгөн индикатор боюнча үч диапазондогу белгилүү жүрүм-турумдук көрүнүштөргө ылайык упайларды (1ден 7ге чейин) ыйгарат: жогорку (алдыңкы), жетиштүү (орто) жана жетишсиз (негизги).

Бул каражат Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында "Балалык" программасынын талаптарына ылайык иштелип чыкты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар