Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
PISA эл аралык баалоо программасы боюнча окуучуларга эскертме

Көрүлдү: 0

Урматтуу окуучу! 2025-жылы Кыргыз Республикасы 90дон ашык мамлекеттин 15 жаштагы окуучулары катыша турган эл аралык баалоо программасынын (PISA) кезектеги раундуна катышат. Изилдөө 20 жылдан ашык убакыттан бери өткөрүлүп келет. Сен анда өзүңдүн мектебиңдин жыйынтыгын дүйнөнүн башка мектептеринин жыйынтыктары менен салыштарсаң болот.

post.title

Изилдөө тестирлөө жана анкетирлөөдөн турат. Тестирлөөгө 2 саат, анкетирлөөгө – 30 мүнөт ажыратылат. Баары компьютердик формада өтөт. Мектептин натыйжалары жакшы болушу үчүн изилдөөнүн катышуучулары мүмкүн болушунча көп тапшырмаларды аткарып, анкетанын бардык суроолоруна жооп бериши керек (бул мектепке болгон мамиле, окууга болгон мамиле, келечек пландар, дүйнөдө болуп жаткан глобалдык көйгөйлөр, ж.б.).

Балким сен Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору жүргүзүө турган изилдөөгө катышып калышыңыз мүмкүн.

Бул өзгөчө изилдөө. Ал билимди көзөмөлдөбөйт. Сага конкреттүү бир кырдаал сунушталат. Сен кыргыз тили, математика, физика, химия, биология, география предметтери боюнча билимиңизге таянуу менен маселени чечүү талап кылынат.

Бирок сен билген нерсени оозеки айтып берүүнүн кажети жок. Болгону билимиңди колдонуу керек. Балким сен үчүн бул адаттан тыш болушу мүмкүн. Анткени, мектеп окуучунун предметтик билимди кантип өздөштүрүп жатканын дайыма көзөмөлдөп турат. Бирок, тилекке каршы, окуучулар бул билим менен эмне кылуу керектигин, аны иш жүзүндө кантип колдонуу керектигин түшүнүшөбү же жокпу, ар дайым эле баалана бербейт.

Мисалы, кыскартылган көбөйтүү формулаларын жаттап, бирок мобилдик тарифтин пайдалуулугун баалай албай калышыңыз мүмкүн. Сиз сөз түркүмдөрүн жана сүйлөм мүчөлөрүн билип, бирок тексттин мазмунун анда берилген маалыматка ишенүүгө болобу же жокпу түшүнө албай калуу мүмкүн. Климаттык зоналарды билип, бирок климаттын экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө кандай таасир этерин түшүнбөй калышыбыз мүмкүн. Тапшырмалардын формулировкасы жана структурасы изилдөөнүн катышуучулары үчүн күтүүсүз болбошу үчүн, мурдагы изилдөөдөгү мисалдар менен таанышып, аларды аткарууга аракет кылууну сунуштайбыз. Изилдөөнүн жүрүшүндө бардык көнүгүүлөр электрондук түрдө аткарылышы керектигин эстен чыгарбагаңыз. Тапшырмалардын үлгүлөрү менен иштөө сага изилдөөнү жакшы өтүүгө жардам берет. https://www.oecd.org/pisa/

Үч багыт боюнча ушул сыяктуу тапшырмалардын бир нече үлгүсү   https://ncokoit.kg/index.php?page=73  сайтында келтирилген.

Ошондой эле сен тапшырмалардын башка үлгүлөрү менен таанышсаң болот: https://ncokoit.kg/index.php?page=71 

Бул тапшырмалар PISA тапшырмаларынын үлгүсүнүн негизинде түзүлгөн. Сиз расмий түрдө гана эмес, бош убактыңызда, үйдө,  компьютердик класстарда тесттен өтсөңүз болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар