Көрүлдү: 9624
2023-жылы Кыргыз Республикасы KIX EMAP оперативдүү индивидуалдуу түрдө өлкөгө колдоонун алкагында өлкөлөр аралык билим алмашуу программасына катышкан беш өлкөнүн (Грузия, Молдова, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан) бири болду.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, И. Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университетинин кызматкерлери, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Кыргызстандын курама тобу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окутуу жана тарбиялоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын базасы, окуу-методикалык материалдардын базасы, ошондой эле билим берүү боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдарга ар кандай кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик, муниципалдык жана жеке уюмдардын тизмесин иштеп чыккан.
Бул тизме өзгөчө билим берүү шарттарына муктаж балдардын ата-энелерине, ошондой эле бардык кызыкдар тараптарга арналган.
Тизмени төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз -
Калган материалдар техникалык кайра кароодон кийин жарыяланат.
***
***
Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо - ► ФАЙЛ
Жалпы билим берүү уюмунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучуларды коштоп жүрүүнү уюштуруу жөнүндө жобо - ► ФАЙЛ